
Аширбай
ПОДЕЛИТЬСЯ СТРАНИЦЕЙ
История солдата
Сапаров Аширбай 1923-жылы туулган.
1942-жылы 28-ноябрда согуш майданына аттанган. Москвага шолковага 18- десант бригадасына барат. Ал жерде 3 ай десанттыкка даярдалып, Калинин областында согушат. 1943-жылы жараланып, Киров областындагы госпиталда 6 ай дарыланып, танковый училищада 5 ай окуйт.
1944-жылы Харьков шаарында согушуп, бутунан жараланып, кийин Сталинград салгылашуусунда көрсөткөн эрдиги үчүн «Кызыл жылдыз» ордени менен сыйланат. 1945- жылы 7-майда эмгек ветераны жана Жеңиш күнү медалы менен сыйланып, өз Мекенине кайтып келет.